www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон.

"Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын тургуну 1989-жылы туулган Б.Т. аттуу айдоочу Хонда Одиссей унаасын Оштон Бишкекке карай башкарып бара жаткан. Ал чукул бурулуштан унааны башкара албай, жолдун четине чыгып, 150-200 метр болгон тик ылдыйышка түшүп кеткен.

Натыйжада унаада келе жаткан эки эркек, бир аял жана айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми калган 20 жаштагы Т.А., 18 жаштагы Р.Р., 22 жаштагы К.А. денесинен ар кандай жарааттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми каза болгон жарандардын айдоочудан башкасынын аты-жөнү учурда тактала элек.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости