www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча териштирүү бүгүн, 16-июнда уланды. Анда прокуратура өкүлдөрү бул иш боюнча айыпталып жаткандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жарыш сөзгө катыштырууну соттон өтүнүшкөн. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев маалымдаганын ЖМКлар жазып чыкты.

Анын айтуусунда, прокуратура Атамбаевдин акыркы сөз айтышын да талап кылган. Адвокаттар да бул өтүнүчкө каршы болушкан жок.

«Айыпталып жаткан адам жарыш сөзгө чыгып, акыркы сөзүн сүйлөөгө укуктуу. Ошондуктан, биз да макул болдук. Сот УКМКдан Алмазбек Атамбаевди жараянга алып келүүсүн талап кылды. Бирок Алмазбек Атамбаев өзү бул ишти буйрутма деп эсептейт. Анын аягы кандай бүтөрүнөн да кабардар экенин айтып, сотко катышпай турганын билдирген”, - деди адвокат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланышкан сот отуруму ар жуманын шейшемби күнү өтүп жатат.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. 10-июнда бул кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко жиберилген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости