www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул баары аялым мени менен урушуп, мага таарынып төркүнүнө кетип калганда башталды. Анда жаңы үйлөнүп, үй салып, бирок балалуу боло элек болчубуз. Анын кетип калганына, менин да жиним келип, "мейли кетсе кете берсин, ансыз деле күн көрөм, алдына барбайм, кечирим сурап" деп баргым келбей, эркектик намысым менен көгөрүп койдум. Калаанын четиндеги Арча-Бешик жаңы конушунда жашайм. Дээрлик бир айдай жылгыз бой жашадым. Анан айылдан келген классташ баламды үйгө кийирип алдым. Ал да аялы менен ажырашып кетип, калаага келип алыптыр. Ошентип экөөбүз чогуу жашай баштадык.

Ал келгендин эртеси күнү эле кызыктай көрүнүштөр кайталана башталды. Кечке иштеп жүрүп кечинде келсек үй ичи сапырылып калыптыр. Тим эле согуш талаасындай.

Эмне болуп кетти, үйгө ууру киргенби деген ой пайда болуп, адегенде эмне буюм жоголгонун издеп, аныктап тактап чыктым. Эчтеке жоголбоптур. Экөөлөп үйдү бир сыйра тазалап, калыбына келтирип кечки тамак жасаганга кириштик. Эртеси туруп экөөбүз тең байпактарыбызды тапсакчы. Койгон ордубузда жок. Көчөдөн башка жаңы байпак сатып алып кийдик.

Эртеси күнү да кечинде келгенде дал эле ошондой көрүнүштү көрүп дароо эле аялымдан, кайындарымдан шек алдым. Армиядан келген жалгыз кайним бар, Кантта турчу. Кез-кез биздин үйгө келип калчу. Ошондон шек салдым. 

Эртеси күнү үйдүн кулпусун алмаштырып, эшикти да, короонун дарбазасын да жакшылап бекитип кеттик. Арадан эки күн өткөндөн кийин дал эле ошондой көрүнүш кайра кайталанды. Дарбаза бек, үй бек, терезеден кирүүгө мүмкүн эмес. Үйгө ким кирип атат деп классташым экөөбүз бири-бирибизге суроолуу карадык. Үйдө эч нерсе жоголбойт, болгону төшөнчү-жууркан, жаздыктан баштап, идиш-аякка чейин аралаштырып сапырып кетет. Белгисиз адамды аңдып дагы таптакыр кармай албай койдук.

Бул ким үй ээсиби деп да ойлодук, бирок үй ээси мынчалыкка барбайт болчу, тобо.

Капканга түшүп каламбы деп кире беришке байкатпай капкан да салып көрдүк. Бирок үйдүн чачылганы чачылган, сапырылганы сапырылган.

Бир күнү классташым жумуштар менен айылга кетти эле үй сапырылбай тынчып калды. Ал кайра келгенде баягысы кайра башталды. Дагы бир жолу классташым экөөбүз кыз-келиндерди алып келдик эле ошо кечте кызыктыдай көрүнүштөр боло баштады. Казанга бышып жаткан тамак казаны менен кошо кулап биз менен келген кыздын бирөөсү буту, санын күйгүзүп алды. Арак ичели деп стакандарга куюп жатсак колумдагы стакан өзүнөн өзү ыргып кетти. Бир кезде бөтөлкөдөгү арак төгүлүп калды. Классташым "өзүнөн өзү эле колум шилтенип бөтөлкөнү кулатып алдым" дейт таң кала.

Кандайдыр бир сырдуу көрүнүш тамак ичкенге да, арак ичкенге да, а түгүл кыздар менен чогуу отурганга дагы мүмкүнчүлүк бербей койду. Бир нерседен чочулаган кыздар үйгө түнөбөй такси менен кетип калышты. Алар кетээри менен үй тынчый түштү....

Аялым төркүнүнө кеткенден бери дээрлик төрт айдай бойдок жашадым.

Жогорудагыдай сырдуу көрүнүштөр мени аябай жүдөтүп жиберди. Төрт айдан кийин аялым кайтып келди. Классташым болсо кайра айылга кетти. Мурункудай сырдуу көрүнүш өзүнөн өзү токтоду да калды.

Үйгө кадимкидей береке, жылуулук киргендей боло түштү. Ай алмашып бир балалуу болдук, өткөндөгүнүн баары унутулду.

Бир үй-бүлө болгондон кийин идиш-аяк кагылышпай койбойт экен. Болбогон эле нерселер менен аялым экөөбүз уруша кетип, ачуум менен эркектик кылып анча-мынча какыс-кукус кылып койдум эле мага таарынып, Канттагы кайнимдин үйүнө кетип калды.

Кечинде үйгө келип мурункудай көрүнүштү көрүп таң кала туруп калдым. Аялым Кантта жүргөндө, бир жума бою ошондой көрүнүш кайталанды. Аялымды кандай алып келдим, дароо тынчыды. Муну аялыма билгизген жокмун.

Ошондон кийин аялымдын колдоочусу бар экенине толук ишендим. Аялым экөөбүз уруша кетип ага колум тийди дегиче үйдө жагымсыз көрүнүш пайда болот. Бир жолу аялымды ачуум менен катуу уруп койдум эле, биздин үйдүн электр жарыгы өзүнөн өзү өчүп серванттагы баалуу идиш-аяктар кулап, баары быркырап сынып калды.

Аялым менен деле көп урушпайм, бирок, кээде турмушта ар кандай болот экен. Уруша кетип, ал мага таарынып бир жака кетсе, сөзсүз түрдө кандайдыр бир не-се мага таң аткыча уйку да, тынчтык да бербейт. Жүдөтүп жиберет.

Аялым экөөбүз тынч жашасак үй да тынч, андай көрүнүштөр да кайталанбайт. Бирок сырдуу көрүнүш тууралуу аялыма эч нерсе айткан жокмун, ал муну билеби же билбейби белгисиз, билбей эле койгону дурус деп ойлодум. Бирок биздин үйдө анын колдоочусу бар экенине толук ишенем.

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости