www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев чоң ишти баштап, тармакты тыкыр тазалоо үчүн дары-дармек өңдүү оору-сыркоодон бизнес жасаган кекиртеги кеңдерди жоготуу үчүн билегин түрүнө иштеп жатканы маалым.

Бирок, каршылык күчтүү жүрүп, акчасы мол немелер түрдүү ыкмалар менен сес көрсөтүшүүдө. Анын бир мисалын ММКдагы чабуулунан байкасак болот, өтө чоң каралоо иштери жүрүүдө.

Кызыгы, бул оюнга өкмөттүн капчыгынан жем жеген гезиттер да аралашып, министрдин багалегине тырмышууда. Бирок, Батыралиев өжөрлүгүнө салып, «Кыргыз Туусу» гезити менен 24 дарыгерди сотко берди. Доктурлардын ар биринен 100 миң сом, ал эми гезиттен 500 миң сом өндүргөнү турат.

Кайран Такебиз коррупцияга каршы камчысын көтөрдү эле, аягына чыкканга күчү жетээр бекен?..

Булак: "Де-Факто" 

Последние новости