www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Ички иштер министрлиги аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгын кантип алганын ачыкка чыгарды.

Эл аралык “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде, Казакстандын ИИМинин өкүлү Алмас Садубаев Асылбек уулу туулгандан баштап эле Казакстандын жараны экенин ырастаган.

“Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунун тургуну болуп саналат, улуту казак. Ошол жерде чоңоюп бой жеткенден кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде Казакстандын жарандыгын тастыктаган документти – паспорт алган”,- деп жазган Садубаевдин комментарийин маалымат агенттиги.

Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу паспортунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Казакстандын паспортун 2010-жылы экинчи жолу алган. Садубаев ошондой эле Асылбек уулу жарандыктан чыгуу тууралуу эч качан арыз жазбаганын белгилейт. ИИМ өкүлү учурда факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын да кошумчалаган.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн жараны болууга уруксат жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости