www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-майдан тартып Батыш Казакстан облусунда кайрадан блокпосттор орнотулат.

Аймактын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, блокпосттор Орол шаарына кире бериште жана COVID-19 вирусунун жайылышы боюнча “кызыл” аймакка кирген алты райондо орнотулат.

Блокпосттордон ыкчам кызматтардын жумушчулары, вахта менен иштегендер, транзиттик жүргүнчүлөр, саламаттыгында маселеси бар адамдар, айыл чарба кызматкерлери, үйүнө кайтып келе жаткан облус тургундары өткөрүлөт.

Азыркы учурда аймакта түнкүсүн нары-бери жүрүүгө чектөө киргизилген: жашоочуларга түнкү саат 12.00дөн таңкы 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Дарыканага же клиникага баруу үчүн STOPCOVID.KZ. сайтына билдирүү жөнөтүү керек.

Расмий маалымат боюнча Батыш Казакстан облусунда 18 613 адам вирус жуктуруп алган, алардын ичинен 272си өмүрү менен кош айтышкан. Соңку бир суткада 166 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости