www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир коомдо болуп жаткан кырдаалдарды жеткилең түшүнө бербеген, бирок өзүнүн жакшы жашашына тиешелүү, эл үчүн жарытпаган мыйзамдарды мыйзамдаштырууга жанталашкан көк мээлер көп. Алар мамлекеттин ичинде өзүнүн сөзүн «ку-кулуктап» кайталаган бир армияга жетерлик адамдарды ээрчитип алат.

Алар коомчулукта жара тартып жеп жибергиси келет. «Педерастар», «педофилдер» жана башка көк мээлер колдошкон «кудайдан жөө качкандар» адамзатка каршы согуш ачышат. Качан буларга чыдай турган мамиле түзүлгөндө, булар өздөрүн «чээнден чыгышып» легалдашууну самап калышат.

Жакында демократиянын кулу болгон, Батыштын акчасы үчүн жанын сата турган адамдар Ак үйдүн алдында «педерастардын» жыйынын өткөзөбүз дешип арыз берет дешкенинен эч ким ишенген эмес. Эми Ак үйдүн алдында феминисттердин митингги байма-бай өткөзүлүп жатат. Анда кыргыз кыз-келиндери акча үчүн чыгып алышып «күйөөлөрүбүзгө чай куюп бербейбиз» дешип батыштын бузуку кептерин кайталап жатышат.

Жакында Ак үйдүн алдында «педерасттар» чыгып алышып өз талаптарын койо турган болушса, батыштын демократиясын тулку боюна сиңирип алышкандар аларды да колдоп чыгары бышык. Алардын оюу боюнча кыргыз каада-салттарына сиңирилген бул жапайычылык, эскичилик, ал эми батышты туурап «педерас» болсоң анда «цивилизациялуу мамлекеттин» накта жараны болосуң. Мына ушундай кырдаалдарга күбө болуп эстен танасың. Бузулгандар эч билинбей бийлик тепкичтеринде, күч түзүлүштөрүндө, ал эмес мечиттерге чейин кирип алышкан, бирок алар «кой терисин жамынган карышкырлар» болгондуктан кайсы күч аларды айдап чыгат. Өкмөттүн да буларга каршы тура ала тургандай инструменттери жок, ал эмес аларга көңүл буруп койгусу келишпейт. Бүгүн адамдар өз кабыргаларын сындырып, баш сөөктөрүн жанчып, эриндерин түзөп, ар кандай адам тааныгыс келбетке өздөрүн келтирип жатышат. Учурда пластикалык хирургиянын жаңы мууну жаралып келатат. Бул процесс өсүп баратат, өңү суук адам акчанын аркасы менен каалагандай сулуулукту ала алат.

“Проект РОССИЯ-3” басылмасынан кыргызчаланды...

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости