www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Долбоордун негизги максаты — жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү жана коомдук транспорттун ишинин сапатын жакшыртуу.
Борбор калаа мэриясы "Бишкек монорельстик транспорт системасы" долбоорун иштеп чыгып, видеосун YouTube-каналына жүктөдү.
Тагыраак айтканда, мэрия жерден 5-7 метр бийикте курулган бир рельстүү жол аркылуу вагондорду каттатууну пландап жатат. Долбоордун негизги максаты — жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү жана коомдук транспорттун ишинин сапатын жакшыртуу.
"Долбоор өтө кымбат жана көпкө созулат. Бирок биз замандан артта калбай, жаңы нерселерге жетишибиз керек. Анын үстүнө бул системанын жакшы жактары көп. Экологияга зыяндуулук азаят, коопсуздук, ыңгайлуулук жагынан жакшы шарттар түзүлөт", — деди вице-мэр Азиз Алымкулов.
Монорельстер "Ала-Арча" жана "Аламүдүн" сууларын бойлой курулат. Андыктан рельстерди кармап туруучу тирөөчтөрдү куруу үчүн кайсы бир объектилер алып салынат деген коркунуч болбошу керектиги айтылды.
Рельстердин узундугу 37 чакырымды түзүп, анда 31 станция болмокчу. Эки линияда 150-180 кишини батырган вагондор каттайт.
Монорельс — эстакада аркылуу рельс менен жүрүп, эл ташуучу транспорттун бир түрү.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg