www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Бейөкмөт уюм деген түшүнүксүз жумуштар менен алектенип, кыргыздын ыркын бузуп, салт-санаабызды, ата-бабадан келе жаткан рухий байлыктарыбызды талкалоо менен алектенген топтор бар. Алар, атаны балага, кызды энеге, аялын күйөсүнө тукуруп бузукулук кылышат. Мисалы кантип?

“Биз аялдар эркектер менен теӊ укуктуубуз, эч качан укуктарыбызды тепсетпешибиз керек!”,-дешип, ал түшүнүктү сиӊирип бүтүштү. Азыр, аялдарга бир нерсе деп көр, укук талашып, кепке келишпейт. Мындан бир топ убакыт мурда “Феминисттер” (аялдардын теӊ укуктары үчүн кыймылы) жөө жүрүш жасап, “биз тамак жасабайбыз, биз күйөөгө тийбейбиз, биз өзүбүз билебиз”,-деген ураандарды жазып алып, Акүй алдына чейин басып барышкан. Мына ушунун бары батыштан алган гранттарды актоо үчүн Кыргыз элинин таза түшүнүгүн бузуп жаткан Бейөкмөт уюмдарынын иштери.

Булар алган гранттарын актоо үчүн – Кыргызстандагы гейлердин укуктарын коргоп, ЛГБТ мүчөлөрүнө шарт түзүп, алардын дагы таралышына кам көрүшкөнү айныгыс далил. Буларда эч кандай улуттук кызыкчылыгы деген түшүнүк жашабайт. Кайра, кыргыз элин жаманатты кылып, артта калган, караӊгы, түркөй катары көрсөтүп, жаман жактарды дүйнөгө жар салып, анын аркасы менен миллиондогон гранттарды алышат. “Кокуй, Кыргызстанда аялдардын укугун коргобосок болбойт, эркектер жеп бүтмөй болду!”, “кокуй, гейлерди коомчулук кемсинтип жатат, алар коргоого муктаж”,-деген чакырыктарды жасашат.

Батыштан келген гранттар көбүнчө адам укуктарына байланышкан маселелерге бөлүнөт, бирок ар кандай жумуштарга багытталат экен. Мисалы, өткөн президенттик шайлоодо НПОчуларга шайлоо процессине мониторинг долбоорун ишке ашырууга деген шылтоо менен 1 млн. 100 миң евро бөлүп бергени таасын далил. Мониторингин тынч аткарышса бир жөн эле, бирок юридикалык жактан колдоо үчүн деп “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы”, “Интернет жайылтуунун Жарандык демилгеси” жана “Адилет” укуктук клиникасы” өӊдүү уюмдарга чоӊ өлчөмдөгү гранттык каражаттардын бөлүнүп берилишин кандай түшүнсөк болот? 
Гранттар күн мурунтан түзүлгөн сценарий менен БШК жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында берилген. План боюнча шайлоо процессинин бузулушу тууралуу арыздарды БШКга жаадырып жана журт бузаар терс материалдарды жарыялаган ММКларды юридикалык жактан колдоо иштери каралган.

Кимдин эсинде бар, НПОчулар Кыргызстандын жакшы жактарын даӊазалап, улутту сыймыктануу менен дүйнөгө тааныткан аракет жасаганын? Качан карабайлы, көйгөйлөрдү көтөрүп, ага күйүп-бышымыш этип, болушкан киши болуп, өздөрүнүн арам ойлорун, артындагы кожоюндарынын тапшырмаларын аткарып, өздөрү бөлүнгөн каражаттарды жеп жата беришет. Мындай НПОчулардын пайдасынан зыяны көп.

Буларга акча берсе кылмышкер, эл душманынын дагы укугун коргомуш болуп, кыргызга чыккынчылык кыла беришет. Азыр, Укук коргоочу болуп жүргөн Турсунбек Акунду жакшы билебиз. Далай кыргызды кордоп өлтүрүп, тирүүлөй кулагын кескилеп кыйнаган Азиз Батукаевди бошотууга салымын кошкон. Аны өлүп калат, чыгарбасак дүйнөлүк коомчулукка уят болобуз деп тызылдаган. Карапайым өзбек менен кыргыздын канын суудай агызган окуяга айыпталган Азимжан Аскаровду коргогондор дагы НПОчулар. Ушундай былык иштеринен кийин кантип буларга көӊүл жылысын?

Эми, ушул эле НПОчулар Жогорку Кеӊеш укук коргоо УКМКнын, күч органдарынын ички ишине аралашып, аны көзөмөлгө алышынын мыйзамдаштыруу керек деген демилге көтөрүп жатат. Жогорку Кеӊеште дагы мурдагы НПОчулар отурганы жашыруун эмес. Демилгечилер Рита Карасартова өӊдүүлөр.

“УКМКга ашыкча укук берилген үчүн, ал мамлекеттеги бийлик бутактарынын тең салмактуулугун бузуп жатат”,-деп чырылдап жатат.

УКМК тууралуу учурунда менин дагы пикирим терс болчу. Азыр, Кыргызстандагы коррупциялык кылмыштардын дээрлик көбүн УКМКнын кызматкерлери ачты. Президенттин коррупцияга каршы күрөшү жакшы жыйынтыгын берип, жакыны-партиялашы, досуна карабай камалып жатат. Ушундай тездик менен жакшы жумуштар жасалып жатканда турадан чыккан НПОчулар “УКМКнын ички ишине Жогорку Кеӊеш аралашышы керек!”,-деген демилгеси коркунучтуу!

Себеби, Жогорку Кеӊештеги коррупционерлер өздөрүнүн кылмыштарын жаап жашырып алуусуна шарт түзүп алышат. НПОчулар коррупционерлерге жардам берип жатат. Кийин ким билет? Батыштын агенттери Жогорку Кеӊештеги коррупционер депутаттардын жардамы менен УКМКнын ичиндеги мамлекеттик сырларды сыртка ташыбайт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан Жогорку Кеӊеш өзүнүн жумушун кылып, мыйзамын жазсын! УКМК ууруларды кармап, улуттун коопсуздугун сактасын. Экөөнү аралаштырып, ички иштерине кийлигиштиребиз деген НПОчулар алыс болсун!

Жанара Муратова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости