www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Исаков өкмөт башчылык кызматты аркалап турганында «Биз төрт көчөгө видеокамераларды орноттук» деп айткан болчу. Ал муну менен коопсуз шаар долбоорун жүзөгө ашырып баштадык дегенди каңкуулагандай болгон. Көрсө, ал видеокамераларды Сапар Исаковдун өкмөтү орнотпой эле, жөн гана ижарага алышкан экен. Анан дагы ал ижара акыны ким төлөй турганын чечпептир. Бул тууралуу маалымат.кж сайты жазып чыкты.
Демек, ал элди бир эле маселе менен эки жолу алдаган болуп атабы? Ижарага алынган нерсени «орноттук» деп, анан ал ижара акыны төлөөнүн жолун да чечпеген Сапар мырзага рахмат айталыбы? Бул ачык эле элдин көзүн будамайлоо эмеспи. Катардагы кызматкер болсо да бир жөн эле, өлкөнүн үчүнчү адамы болуп туруп (ошол кезде премьер-министр эле да) калпты ышкыртканы кандай? Бул боюнча да тиешелүү органдар тийиштүү чараларды көрүшөөр.
Азыркы тапта абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков калпты да окшоштуруп, тим эле эзилип айта бере турганын анча-мынча билип калбадыкпы. «Тарых музейи менен элибиз аябай сыймыктанат да, мен ушул реконструкциялоонун башында өзүм куратор болуп атам» деп убагында телеканалдардын бирине маек курганын да билебиз. Ал реконструкция менен кантип сыймыктана турганыбызды (14 000 евролук жыгач ат, 600 долларлык устун жана башкалар) акыры билдик, деп жазган маалымат.кж сайты.
Акыркы жылдары бийликке жаштарды алып келүү демилгеси чыккан. Сапар Исаков Өкмөт башчы болгондо жаштар колдоп алды Америкадан артка кайткан. Тилекке каршы, жаш мыкты, адамгерчиликтүү кадрыбыз Сапар Исаковдун бир нече жылдык тажрыйбасы жокко чыгып, жыйынтыгы абак менен аяктады.
Кандай болгон күндө эки тарабын ала турган болсок, Сапар Исаковдун тагдырына боорубуз ачыган менен мамлекеттик казынага кол салганын эстегенде аргасыз оор үшкүрүүгө туура келет. Сапар мырза, тээ башында "40 кадам" деп туура эмес ишин баштады. Анткени кыргызда 40 деген сан анча деле кулакка жагымдуу эмес экени жалпыга маалым. Эми кеңешчилерине келе турган болсок, аман эле болсун, айткан менен пайда жок.
Баарынан кызыгы Сапар Исаков, акырында эки кадамды ашыкча аттап жиберди. Эгерде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев арканды узун таштаганда Сапар Исаков темир тордун артына кетмек эмес. Анткени Алмазбек Атамбаевдин Сапар Исаковго үйрөткөн акыркы бир ай ичиндеги эки көрсөткөн жолу вазирине ийгилик алып келген жок. Эми түбү жакшылык болсун, мээнет шашып келип, шашпай кетет; дөөлөт шашпай келип, шашып кетет. Жашоонун жазылбаган мыйзамы ушундай.
Кыргызда: "Вазир жакшы - хан жакшы" деген кеп бар. "Байлык менен бийлик колдун кири", деп бекер айтылган эмес. Адам катары аталган эки инсанга ичиң ачышып, көбүрөөк ойлонууга туура келгени менен тилекке каршы ааламдагы элдин оозун ачырган ТЭЦден кийинки аттиштин жана тарых музейдеги койгойгон жыгач аттардын баасын эстегенде аргасыз кол шилтейсиң.
Баса, акыркы күндөрү "президент Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковду ж.б сатып кетти" деп, тар чөйрөдө күбүрт-шыбырттар көп болууда. Антейин десек, коррупциянын бети кашкайып ачылып атса, Жээнбеков көзүн жумуп унчукпай койгондо туура эместей болуп калмак. Канткен күндө да Сооронбай Жээнбеков музду жарып, коррупцияны мууздады...Эми жемкорлорду көзүн чекчейтип, кустуруу гана калды...
Дагы бир тарабын ала турган болсок саясатта "мен эң жакын досмун" же "мен тарапташыма өтө касмын" деп, терең ойлонбогондор гана тыянак чыгарат. Алсак, эки сөз бири-бирине толугу менен карама-каршы келип калышы да мүмкүн. Саясат кубулма зат сыяктуу, саясатта жүргөн адамдар дагы так ошондой. Андыктан кол көтөрбөгөн чокморду белге байлап кереги жок. Бир күндөрү Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков бир дасторкондо сырдашып олтуруп калбайт деп, эч ким эч качан кепилдик бере албайт. Так ошондо биз, дал азыркыдай тарапташтары сыртта гана "жымыйып" кала беребиз. Саясат ушундай "сай-Я-сат"...
Эми "сасыган" саясат менен ойной бербей, Кудай ыйман менен ынсапты Өлкө башчыларына гана берсин. Кыргыз деп жанып, ата-бабаларыбыз таштап кеткен жерибизди өзгөлөргө тебелетпесин. Эр жигиттерибиз элин ойлогон намыскөй, кыздарыбыз карылардын алдын кыя өтпөгөн ыймандуу болуп - Кыргыз элибиз аман болсун! Ар кайсы жакты карап, колун жайып, көңүл үчүн бата берген эмес, калыстык сөзүн айткан аксакалдуу аталарыбыз көбөйсүн!
Кыргыз эли ынтымакка гана келиши керек, өзбек - Шавкатын, казак - Нурсултанын, орус - Путинин бербейт! Кыргызга кыргыз гана күйөт. Кыргыз - байыркы жоокер, дүнүйө - байлыктын кулу болгон эмес, эркиндикти, ыйманды туу туткан калк!
Булак: NazarNews.kg