www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам кызматтарынын ардагерлеринин демилгеси менен кылмыш издөө кызматынын негизделгендигинин 100 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүүгө акча каражаттарын чогултуу максатында марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты КР ИИМдин Басма-сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков, ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев, милициянын генералдары Шамиль Атаханов, Бактыбек Алымбеков, Абдыкапар Мавлянов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин Биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, министрдин орун басары милициянын полковниги Мирлан Каниметов, ИИОнун ардагерлери, КР ИИМдин Борбордук апаратынын, Бишкек шаары жана Чүй областык ИИББнин аймактык жетекчилери катышышты. Марафон ИИОнун кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган мемориалга гүл коюлуп, куран окутуу менен башталды. Келген коноктор жыйындар залында чогулуп, иш-чараны Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин Биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков иш-чараны салтанатуу түрдө ачып берип жатып:
- “Урматтуу ардагерлер, коноктор жана ИИОнун ардагерлери, министр Кашкар Астакановичтин жана өзүмдүн атыман алдыда белгилене турган ИИО үчүн өзгөчө болгон кылмыш издөө кызматынын негизделгендигинин 100 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Кылмыш издөө-бул элдин тынчтыгын кылмыштуу чөйрөдөн коргогон, кыраакы мүнөздөгү эр жүрөк, чынчыл жана адамгерчиликтүү инсандар иштеген кызмат. Силер ар дайым жардам берүүгө даярсыздар”- деп белгиледи Сүйүнбек Өмүрзаков.
Андан соң КР ЖКнын депутаты, КРнын ИИМдин экс-министри Бакирдин Субанбеков өз сөзүндө:
- “ИИМ системасындагы мурунтан келаткан бөлүктөрүнүн бири болгон - кылмыш иликтөө кызматына 5-октябрда 100 жыл болот. Ушул жылдар аралыгында анын түзүлүшү, иштөө ыкмалары, штаттык түзүмү өзгөргөн жок. Ошентсе дагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматкерлер алдыңкы орунда болуп, татыктуу сыйлыктарга ээ болушууда. Мындан ары да криминалдык аракеттерден жарандарды коргоо алардын эң негизги максаты болуп кала берет”- деп белгиледи.
Эскерте кетсек, бүгүнкү чогулган акча каржаттары КР ИИМдин кылмыш издөөнун Арадегерлер кеңешинин фондуна өткөрүлүп берилет. Акча каражаты бөлүктүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааркесин өткөрүүгө, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөөлөрүнө жана жакындарына, Кылмыш издөө кызматынына арналган фильм тартууга жана китеп чыгарууга бөлүнүп берилет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам-кызматтарынын негизделгендигинин 100 жылдыгына карата уюштурулган марафондо 500 000 сомго жакын акча каражаты чогултулду.
Булак: NazarNews.kg