www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун алкагында Жаңы-Жогорку-Акман жана Левая-Ветка сугат каналдарынын курулушу башталып, “мезгил кутучасы” салынды. 

Курулушка “мезгил кутучасын” салууга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.  

Бул ирригациялык долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, сугат тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын негизинде жүргүзүлүүдө. 

Модернизациянын максаты – калктын санынын өсүшүн, климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, эскирген ирригациялык инфратүзүмдү жаңылап,    заманбап, сапаттуу суу чарба системаларын куруу.

Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасынын узундугу жалпы 39,01 км -  (чакырымды) түзөт.  (Левая-Ветка – 15,78 чакырым, Жаңы-Жогорку-Акман – 23,23 чакырым).  

Бул ирригациялык тутумду модернизациялоо долбоорунун сметалык чыгымы жалпысынан 853 476 071,22 сомду түзөт. 

Бул долбоор Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын   “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” программасы тарабынан каржыланууда.  

Долбоордун негизги максаттары:
• Каналдардын суу өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу,
• Суу коромжулугун азайтуу,
• Калкты сугат суу менен толук камсыздоону жакшыртуу.

Модернизациялоо долбоорун «China Road and Bridge Corporation & Yellow River Engineering Consulting Co.» корпорациясы аткарууда. Ал эми ага техникалык көзөмөлдү «Su-Yapi Engineering and Consulting» компаниясы камсыз кылат.

Долбоор аяктаса, Базар-Коргон шаары, Сайдыкум, Акман айыл аймактарынын 8 225 гектар сугат жери сугарылат. Бул сугат тутумунун кызматынан чөлкөмдүн 114 миңден ашуун тургуну пайдалана алат. Жаңы сугат тутумун ишке берүү 2028-жылдын декабрь айына пландалган.

 

Последние новости