www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ мырза менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда алар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечек багыттарын талкуулашты.
Министр Урматбек Шамырканов Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көрсөтүлүп келген туруктуу колдоосу үчүн Корея Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Тараптар табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, калкты жана аймактарды коргоо, ошондой эле куткаруучулардын кесиптик потенциалын жогорулатуу багытындагы кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Мындан сырткары, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Өз кезегинде элчи Ким Кванджэ жылуу кабыл алганы үчүн министрге ыраазычылык билдирип, мындан ары да тыгыз жана конструктивдүү кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышты.