www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев 5-мартта Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Тараптар бажы тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, бажылык башкарууну жакшыртуу, кыргыз-өзбек чек арадагы өткөрмө пункттардын ишин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өз ара соода жана транзиттик жүк ташуунун ыңгайлуу шарттарын түзүү маселелерин талкуулашты.
Эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы практикалык өз ара кызматташууну бекемдөө бажы тариздөө жол-жоболорун өркүндөтүүгө, жүктөрдүн мамлекеттик чек арадан өтүү убактысын кыскартууга жана өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берери баса белгиленди.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчыларынын жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүгө багытталган макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө жана эки өлкөнүн бажы органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экендиги тастыкталды.