www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЮНИСЕФ президент Садыр Жапаровдун үч жашка чейинки балдар үчүн "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун киргизүү жарлыгын колдойт. Бул тууралуу уюмдун расмий билдирүүсүндө айтылат.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа бул маанилүү чечим балдардын укуктарын коргоого багытталган өлкөнүн туруктуу жана бекем улуттук милдеттенмесин чагылдырарын белгиледи. Анын айтымында, бул кадам мамлекет тарабынан баланын эң алгачкы жана маанилүү жылдарына жасалып жаткан системалуу салымынын айкын мисалы болуп саналат.
"Балдарга социалдык коргоону күчөтүү — бул балдардын жакырчылыгын кыскартуу менен бирге, алардын жашоосун сапаттуу баштоого шарт түзүүнүн эң натыйжалуу механизмдеринин бири. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы балдар арасындагы жакырчылыкты 33,1 пайыздан 25 пайызга чейин төмөндөтүү, социалдык камтууну кеңейтүү жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү тездетүү боюнча так максаттарды коет. "Бала ырысы" жөлөк пулунун киргизилиши бул пландарды ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Самман Тапа дүйнөлүк тажрыйбага таянып, эрте курактагы балдардын өнүгүүсүнө жумшалган ар бир 1 доллар келечекте билим берүү, ден соолукту чыңдоо жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу аркылуу 13 долларга чейин кайтарым берерин кошумчалады.
ЮНИСЕФ Кыргызстандын баланын кызыкчылыгына жана үй-бүлөнү колдоого артыкчылык берип жатканын жогору баалайт. Уюм мындан ары да ар бир баланын өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашыруусуна шарт түзгөн социалдык коргоо системасын чыңдоодо улуттук өнөктөштөр менен кызматташууну улантарын билдирди.