www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Район аймагындагы 10 орто мектепте чакан форматтагы ата- энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп, өспүрүмдөрдүн терс жолдорго барууларынын себептери талкууланды.

Жашы жете электер тарабынан укук бузуучулуктун жана бөөдө кырсыктардын алдын алуу үчүн ар бир ата-эне өз балдарын көзөмөлгө алуу керектиги айтылды. Мектеп окуучуларынын түнкү убакыттарда көчөгө себепсиз чыгууларын болтурбоо зарылдыгы жеткирилди. Алардын азыркы шартта онлайн окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана сабактарга активдүү катыштыруу учурдун талабы экендиги белгиленди.   

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости