www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-24-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости