www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базарда жылыткычтар калбай калды!

Бишкек жылуулук борборундагы авариядан кийин башкалаадагы базарларда электр жылыткычтарга суроо-талап көбөйдү. Сатуучулар электр жылыткычтар 27-28-январдагы дем алыш күндөрү көп сатылганын билдиришти. Бирок алардын баасы көтөрүлгөн эмес. Орто эсеп менен көлөмүнө, чыгарган өлкөсүнө, өндүрүүчүгө жараша 500 сомдон жогору сатылууда.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болуп, башкалаанын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочулары, социалдык объектилер жылуулуксуз калды. Батирлер муздак болгондуктан, шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган. Айрым конуштарда электр жарыгы абдан аз кубаттулук менен келип жаткандыгын билдиришүүдө.

Качан тургундарга жылуулук берилээри белгисиз бойдон калууда. Ажобуз калкты чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости