www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигинин жер тыңшар Мамыты жер чалат:

Бишкек кеңешине жетиш үчүн элди алдап келген, парламенттик шайлоого "жашыл жарык" берирер менен эң алгачкылардан жутунган "Ишеним" партиясы болду. "Ишеним" партиясы ишенимсиз партия экенин даңазалай баштады.

Анткени, Бишкек шаардык Кеңешине шайлоодо өтүп келген соң, шайлоочулардын оюн уруп ойнобой, бийликти жөнсүз мактап, өз капчыгын көкөлөтө турган пикирлерге жан дили менен кошула баштады. "Ишеним" партиясында бизнестери айды чапчыган көбүнчө эне тилин таптакыр билбеген жана кыргыз тилин кыйналып билген адамдар топтолгон. Жол киренин кымбатташын булар уруп да ойношпойт.

Анткени булар кымбат баалуу машиналарда гана жүрүшөт. Азамат Дороев Бишкектин Октябрь районунда аким болуп иштеген, көптөгөн бизнестери бар. Улан Алымбаев жол курулушунун чаңын чыгарган, “Меади” ЖЧКсын жетектейт, кекиртегинин айынан тузакка илинген Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуровко окшогон ач көздөр ушул компания менен байланышкан.

“Чуйдорсервис” да ушунун карамагында. Дамира Ниязалиева аттуу “аптекалардан” элдин жоон терисинен акча тапкан экс-министр, атамбаевчил экс вице-премьердин кызы Айгүл Токомбаева да дарылардан бизнес жасап, чуру-чуу түшкөндөрдүн бири.

СДПК мүчөсү Айбек Кошойбек КМЮАда декан катары байып алып азыр бизнесин өнүктүрүп жатат. Кагаздарды мал чөптү оттосо да ошондой оттогон Александр Голенко кагаз жана картон чыгарган «Кош-Тамчы» ЖЧКсынын директору. Санирабига Исмаилова "Юниверсал Компани", "ЭкоСтрой Групп" ишканаларынын директору.

"Замандаш" партиясынын мурунку мүчөсү Гульзар Кокенова"Образовательный центр "Чудо" ишканасынын директору болсо да өзүн жумушсуз катары элге таанытып келе жатат. Бул партияга топтолгондор айрыкча туристтик бизнесте, банктарда, базаркомдордо, соодада, мейманканаларда жетекчилик кылышкан элдин таман акы, маңдай терин билбеген “ак кол” адамдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости