www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 15-сентябрда, жаңы окуу жылынын биринчи күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү окуучуларга сабак өтөт. Бул туурасында өкмөт башчы Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
«Мекендешибиз Ахрор Иминов белгилегендей, биринчи окуу күнү биздин балдардын эсинде сакталып калышы керек. Мектептерде салтка айланып калган «Тынчтык сабагы» деп аталган класстык сааттар өтөт. Бул күн мен Чүй облусундагы мектептердин бирине барып окуучуларга сабак өтүүнү пландап жатам. Мага да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм», - деп жазган Марипов.
Ошондой эле ал орун басарлары жана министрлер кабинетинин башка мүчөлөрү да класстык сааттарды өтөрүн кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg