www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-май күнү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча 2010-жылдагы Маммүлк министри Шералы Абдылдаев сотко келип көрсөтмө берди. Ал өз көрсөтмөсүндө прокуратура коюп жаткан айыптардын баарын жокко чыгарып, “Мегакомдо” 2010-жылдан 2018-жылга чейин гендиректор болуп иштеп, Атамбаев, Сегизбаевдин заказын аткарып, ай сайын 20 миң долллардан айлык алып, жылдын аягында да эбегейсиз чоң бонус алып, ал гана эмес, “Мегакомдо” башка шектүү иштерди Икрамдын канатынын алдында туруп жасап жүргөн Азат Базаркуловдун жүзүн ачты.
Сотто Абдылдаев Базаркулов 2010-жылы “Мегакомдун” акциялдарын сатууга кызыктар болуп, россиялык “Penwell Business Limited” компаниясын ээрчитип жүргөндүгүн, бир күнү аталган компаниянын өкүлдөрүн ага алып келип, мамлекет өзүнө улутташтырып алган 49%ды 60 млн. долларга сатып алганга сунуш бергендигин, “бул маселелер жогору жак менен сүйлөшүлгөн” деп келгенин, бирок ал макул болбой, “бул улутташтырылып жаткан объект, мунун тагдырын жаңы келген Өкмөт, жаңы келген парламент гана мыйзамга ылайык чечет” деп баш тарткандыгын айтты.
Ошондон көп узабай эле “Мегакомдун” гендиректору А.Сильич Азат Базаркуловду өзүнүн орун басары кылып дайындап алган. Ал кезде Сильич “Penwell Business Limited” компаниясынын кызыкчылыгына иштеп, алардын айтканын аткарып жатканы баарына белгилүү да болгон.
Компаниянын Кыргыздандагы өкүлү Роза Рыкунова “Penwell Business Limited” компаниясынын “Альфа Телекомдогу” 51% акциясын башкарган.
Роза Рыкунованын айтымы боюнча, “Penwell Business Limited” Кыргызстандагы чиновниктерди жана сотторду сатып алуу үчүн 7 млн. доллардан кем эмес акча сарптаган. Ошон үчүн алардын иши жүрүшүп, 51% акциясын, ошондой эле “Альфа Телеком” ЖАКнун бүт жабдыктарын, жыштыгын кайтарап алуу үчүн Кыргызстанды сотко берип, сотту биринен сала экинчисин ута баштайт.
Мисалы, Бишкек райондук Эл аралык соту тарабынан 2010-жылдын 16-августунда “Penwell Business Limited” компаниясынын арызы канааттандырылат.
“Альфа Телеком” ЖАКнун апелляциясы Бишкек шаардык сотунда 2010-жылдын 15-октябрында каралып, канаттандырылбай, райондор аралык соттун 2010-жылдын 10-августунда россиялык аталган компаниянын пайдасына чыккан сот чечимин күчүндө калтырат.
КРнын Жогорку Соту 2011-жылдын 21-июнундагы токтому менен 1-жана 2-инстанциядагы сот чечимдерин күчүндө калтырат. Ушунун өзү “Альфа Телекомдун” (“Мегакомдун”) акцияларын “Penwell Business Limited” компаниясына толугу менен алып берүү үчүн Убактылуу Өкмөттүн ошол кездеги төрайымынын биринчи орун басыры Атамбаев, “Альфа Телекомдун” гендиректору болуп турган Силичтин орун басары Азат Базаркулов кызыктар экендигин даана көргөзүп турат.
Базаркулов бул эле эмес, алты жылдан ашык мамлекеттик чоң ишкананын жетекчиси болуп иштеп, ишкананы мамлекеттин кызыкчылыгына эмес, жеке кландардын кызыкчылыгына пайдаланганы үчүн да кылмыш жообуна сөзсүз тартылышы зарыл.
Ошентип, Шералы Абдылдаевдин Түркиядан келип берген көрсөтмөсү Текебаев менен Чотоновго коюлган айыпты толугу менен жокко чыгарып гана тим болбостон, Азат Базаркулов менен Алмазбек Атамбаев өздөрү жасаган ишти башкаларга төңкөрүп жаткандыгын көрсөттү.
Автору Жанара Бектеналиева, маалымат ФБдан алынды.
Булак: NazarNews.org