www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оо-о, 12-майда тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши тууралуу Премьер-министрдин отчетун угуп жаткан учурда  депутат Алтынбек Сулайманов: “Өкмөт саат сыяктуу иштеши керек. Экономиканы кайра калыбына келтирүү тууралуу олуттуу убадалар берилип, өлкөнү өнүктүрүү тууралуу натыйжалуу программалар көрсөтүлгөн. Бирок эки жыл аралыгында Өкмөт тарабынан эч кандай алгылыктуу сунуштар болгон жок,” – деди эле.

Аны менен бирге эле “Өкмөт мамлекеттин үлүшү менен ишканаларды ачууда. Алардын көпчүлүгү дотацияда турат. Өлкөнү өнүктүрүү программасы жок, республикалык бюджетти экономиканы өстүрүүгө багытталган эмес. Кыргызстандын  тарыхындагы бир жылдан ашык кызматта олтурган үчүнчү премьер-министрсиз. Эки жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатканыңызга карабай, ишиңиздин олуттуу жыйынтыгы болбой келет”, – деп, Абылгазиевге сын-пикирин айткан.

Ошентип айтып коюп Сулайманов көптөн бери социалдык тармактарда көрүнбөй калган. Бир нече мүнөт мурун: "Багбанчылык кылып Араванда жүрөм, достор. Карантинде үйдөн чыкпай, бакка эми бутум жетти”, - деп пикирин калтырып, колунда кызыл мээлей, ак көйнөкчөн, кара көз айнекчен талаада жүргөн сүрөтүн Фейсбук баракчасына жүктөдү. Бала баатыр кыйын, акыркы күндөрү жөнөкөйлүгүн жарнама кыла баштады. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости