www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын жогорку жетекчилиги менен келишиминин негизинде Оренбург облусунун Бузулук районунун кире беришинде топтолгон КРнын жарандары үчүн автобустар уюштурулуп, Бишкек шаарына жөнөтүлдү.

КРнын Өкмөтү тарабынан уюштурулган 9 автобуста 413 адам жөнөтүлдү. Казакстан тарабынын шарты боюнча бардык чыгып жаткан жарандар медициналык кароодон өтүштү, текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарга тийиштүү маалым кат берилди. 12 айдоочу автоунаалардын тралдарга жүктөп, автобустарга түшүп кетишти. Калган айдоочулар мурунку жашаган жерлерине кайтышты.

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Оренбург облусунун губернатору Д.Паслердин жеке өзүнө жана облустун башка жетекчилерине, ошондой эле Бузулук районунун жетекчилигине Кыргызстандын жарандарына колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Коронавируска байланыштуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык россия-казакстан чек арасы эркин өтүү үчүн жабыктыгын жарандарыбызга эскертебиз.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги мекендештерибизди Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоого чакырабыз.

Булак: NazarNews.org

Последние новости