www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери Iphone 14 Pro жана Iphone 14 Pro Max маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажычылар "Достук" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Кыргызстандын жараны Н.Ж. жана Россиянын жараны Т.Г.Х. коштоп жүрүүчү жүктү (кап-рюкзак) бажылык текшерип кароодо 14 даана Iphone 14 Pro маркасындагы жана 10 даана Iphone 14 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефондору табышкан, алынган товарлардын эч кандай коштоочу документтери жок болгон.

Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 млн 61 миң 770 сомду түзөт.

Аталган факты каттоого алынып, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости