www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин ыкчам жыйынын өткөрүп, анда Украина тараптын Крым көпүрөсүндөгү жардыруусун жоопсуз калтыруу мүмкүн эмес экенин айтты. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

"Эгер биздин аймакта теракт жасоо аракети улана берсе, анда Орусия тараптын жообу да аёосуз болот. Мындан эч ким күмөн санабашы керек", — деген Путин.

Ал Крым көпүрөсүндөгү жардырууну теракт деп атап, аны Украинанын атайын кызматы уюштурганын айткан. Ошондой эле, Киев режими террордук ыкманы көптөн бери колдонорун белгилеген.

"Балтика деңизи аркылуу өткөн эл аралык газ түтүгүнүн жардырылышы боюнча иликтөө иштерине Россиянын өкүлдөрүн киргизбей жатышат. Бирок бул кылмышты ким жасаганы баарыбызга белгилүү. Киев режими өзүнүн иш-аракетин террордук топтордуку менен бир агымга коюп койду. Мындай кылмышты жоопсуз калтыруу таптакыр мүмкүн эмес", — деген Путин.

Эске салсак, 8-октябрь күнү таң атпай Крым көпүрөсүнүн бир бөлүгүндө жүк ташуучу автоунаа жардырылып, анын кесепетинен күйүүчү майды темир жол аркылуу ташыган жети цистерна өрттөнгөн. Жарылуунун кесепетинен Краснодар жана Керчь шаарларын бириктирген жолдун бир бөлүгү ураган. Учурда көпүрөдө темир жол, автоунаа кыймылы жанданды. Тергөөчүлөр жардырылган автоунаага Краснодар крайынын тургуну ээлик кыларын аныкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жүк ташыган автоунаанын жанында бараткан жеңил машинанын үч жүргүнчүсү көз жумган.

Последние новости