www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Бегалы агай, Кулматовго кылмыш иши козголгондо гана анын Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганы билинип отурат. Буга чейин ал кызматтык секириктерди жасаганда неге анын жарандыгынан шек санашкан эмес же аны кимдир бирөө калкалаганбы?

-Кубанычбек Кулматовдун кош жарандыгы бар экени эбак эле белгилүү болуп, бул одоно мыйзам бузуу экенин 2010-жылдан бери бир нече ММКлар жазышкан, КР Жогорку Кеңешинин трибунасынан бир нече депутат атайын билдирүү жасап, Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны экенин, ошондуктан Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматты ээлөөгө акысы жоктугун ал улам кызматка көтөрүлгөн сайын  кыйкырып айтып турушкан. Айрыкча кесиби боюнча прокурор Тынчтыкбек Шайназаров деген депутат эки-үч жыл кайталап парламентте айтып жүрдү. Мыйзам иштеген өлкө болсо Кубанычбек Кулматовду 2011-жылы эле камап салышмак. Бирок биздин өлкөнү мыйзам эмес “самодурлар” башкарбадыбы. Укук коргоо органдары аны ошондо эле баса калышмак, бирок Кубанычбек Кулматовдун артында Алмаз Атамбаев турчу. 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү каржылоого Россиянын Бажы башчысы, Кремль Кыргызстанга “куратор” кылып дайындаган Андрей Бельяниновдун ишарааты менен Кубанычбек Кулматов катышканын ММКлар канча жолу жазышты. Төңкөрүштөн кийин Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын экономика боюнча орун басары болуп турган учурда Кубанычбек Кулматовду дароо Бажы башчылыгына дайындады. Кулматов болсо бажы системасындагы миллиондорду чапчыган схемаларды андан ары өркүндөтүп, Атамбаев тарапка буруп берип, аны 7 жылда мультимиллионер кылды. Кулматов бажы кызматынан башка, үлкөн кызматтарга кеткенде да бажыны анын жан-жөкөрлөрү башкарып турду. Ошондуктан Атамбаев мыйзамга да, парламенттин кыйкырып жаткан депутаттарына да карабай Кулматовду “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” кызматтан кызматка көтөрүп жүрдү. Эгер УКМКда, Генпрокуратурада, ИИМде Атамбаев дайындаган кишилер олтурса анан кайдагы мыйзам иштемек эле? Парламенттин депутаттары да кыйкырып-кыйкырып эч нерсе кыла албай олтуруп калышты. Атамбаев 7 жыл бою мамлекетти мыйзам менен эмес, орто кылымдардын денгээлинде “өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип” башкарды. Ошондо кың дей албагандар бүгүн баатыр болуп жатышат. Эсиңердеби, Атамбаев: “Кулматов бажы башчылыгына келгенден бери бажы төлөмдөрү эки эсе көбөйдү” деп көп мактачу. Бирок, Кулматов бажы башчылыгына келген 2010-жылдан бери бажы төлөмдөрүн карапайым эл үчүн 3 жолу көтөргөнүн айтчу эмес. “Челноктордун” бажы төлөмдөрү ага чейин 1998-жылдан бери көтөрүлө элек болчу. Атамбаевди болсо орто кылымдардын денгээлинде ой жүгүрткөн регионалисттер “өзүбүздүн бала” деп колдоп турушту. Атамбаев мына эми азыр алардын “биздин балдар кыйын” деген мифин талкалады. Ушундай мамлекеттик системада Кулматов жазаланмак беле? Азыр эми башка башкару системасы орной баштагандыктан Кулматов сыяктуу мыйзамды көзгө илбеген, мурунку бийликтин эрке талтаңдары жоопкерчиликке тартыла баштады.

-Исаковдун, Кулматовдун, Артыкбаевдин, Сатыбалдиевдин камалышы Атамбаевге салынган тузак деп кабыл алсак болобу? Эми президент Атамбаевге азуусун кайрай алабы?

-Азырынча Атамбаевге эскертүү берилип жатса керек. Адатыңча элдин бир катмарын көтөрүп мамлекеттик төңкөрүш жасайм десең мыйзам алдында жооп бересиң таризинде. Анткени Исаков, Кулматов, Сатыбалдиев булар Атамбаевдин жакын табакташтары. Атамбаевдин мультимиллиондорунун сырын ушул үчөөсү жакшы билишет. Булар көп схемалардын авторлору. Бекеринен “мистер 10%” атыккан Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Бишкек шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы 4 миллиард сомго отчет да бербей жүрөт. Бул отчетту Жогорку Кеңештин депутаттары да талап кылып, ала алышкан жок. Анткени анын артынан калкалап Атамбаев турду. Ал эми Атамбаев парламенттин 95%ын, өкмөттүн 100%ынын жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуп алган болучу. Ал эми Осмонбек Артыкбаев менин оюмча уурулуктарга катышкан эмес, ал калпа кишинин баласы, экөөбүз бир кезде чоогу депутат болуп жүргөндө байкагам, барга топук кылып, бирок бизнесин таза жүргүзгөнгө аракает кылган адам. Ал киши мурунку бийликтин уурулуктарына каршы чыгалбагандыгы, алардын айткандарын аткаргандыгы, бийликтин саясатын жүргүзгөндүгү үчүн камалып калды. Ал кезде аткаруу бийлигинде олтурган кыргы жигиттеринин бири да Атамбаевдик режимге каршы чыга албады. Баары эле саясат деген ушул болот турбайбы деп Атамбаевдин эркине көнүп беришти. Аларга Атамбаев түбөлүк бийликте олтурчудай сезилди. Эгер коррупцияга каршы күрөш токтобой алга жылса биз Атамбаев канчалаган көп кишинин убалына калганына күбө болобуз. Артыкбаев Атамбаевден келген буйрукту аткаруу үчүн жыйындарды өткөрүп, ошонун сөзүн сүйлөгөнү үчүн айыпталып жатканын документтери менен көрсөтүп жатышпайбы. Бирок миллиондорду уурдаганы тууралу далил жок. Эми ушулардан кийин да Атамбаев мен Жээнбековду ордуна коём деп жулуна берсе анда силер айткандай тузакка илинет. Жээнбеков Атамбаевге 31-марттагы Атамбаевдин сөзүнөн кийин эле азуусун кайрай баштаган, бирок ал өзүнүн мүнөзүнө байланыштуу атамбаевчилеп айкырып чыкпастан унчукпай жасап жатат.

Булак: Майдан кж

 

Последние новости