www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу тууралуу Бишкектин Биринчи май району чыгарган чечим боюнча кассациялык арызды кайра карайт. Буга байланыштуу “Медиа полиси институту” арыз жазганын адвокат Акмат Алагушев “Азаттыкка” ырастады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

- Арызды биз мурда эле бергенбиз. Бирок "бул туура эмес каралып, ишеним кат туура эмес түзүлдү, аныктама менен каралсын" деп калтырып койгон. Биз ошону тактап туруп кайра арыз бердик. Эми ошону карамай болду.

Алагушевдин айтымында, иш Жогорку сотто 12-июлда каралат.

Былтыр декабрда Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи май райондук сотуна "Сентябрдын" эфиринен мурдагы өкмөт башчы, кийин президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген көрсөтүү чыкканы тууралуу арызданган. Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынан Жээнбековдор тууралуу сүйлөгөнү негиз болгон.

Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева карап, телеканалдын жана анын сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндө 2017-жылдын 22-августта чечим чыгарган. Мунун ордуна "Жалбырак-ТВ" иштей баштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости