www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Садыр Жапаров, Аида Салянова боюнча Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырганы эл арасында Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков тымызын сотторду баштагыдай эле көзөмөлдөп жатат деген кептин чыгышына жем таштады. Мурунку менен азыркы президент чын эле тымызын иш кылышпайбы?
-Мен Жээнбеков менен Атамбаевдин тымызын сүйлөшүп алганына ишенбейм. Мына “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү мурунку президенттер Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди соттордун ишине кийлигишет, сотторго кандай чечим чыгарууну айтып турушат таризинде 25 жыл айыптап келишти. Туура айыпташты. Бирок эми өздөрүнүн лидери камалганда президент Сооронбай Жээнбековду соттордун ишине кийлигишип, Текебаевди жана башка атамекенчилерди актап бересин деп президентти кылмышка түртүп жатышпайбы. Кана принципиалдуулук? Бир нерсе десең капа болушат, булардын айтканы гана туура , башкалардыкын туура эмес деп чыгышат. 2012-жылдан баштап коомчулук Атамбаев бийликти узурпациялап жатат деп айтса атамекенчилер силердики туура эмес деп Атамбаевди колдоп, анын жеке бийлигин чыңдап келишти.
Анткени анда алар Атамбаев менен табакташ эле. Атамбаев буларды табактан сүрүп чыгаргандан кийин гана аны сындай башташты. Бир да партияда принципиалдуулук жок. Баардыгы өзүнүн кызыкчылыгынын тегерегинде гана демократ боло калышат. Андай адилеттүүлүктү соттон талап кылыш керек. Бүгүнкү сот системасын, анын кадрдык составын түзүүгө атамекенчилер активдүү катышышкан.
Эсимде, 2011-жылы ошол эле Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште мыйзамдуу түрдө, өзүнүн функционалдык милдеттеринин негизинде сунуш кылган соттук реформаны, соттордун кадрдык составын Атамбаевдин митайым КСДПчыларына ушул атамекенчилер кошулуп алып, өткөрбөй коюшпады беле? Ошондон тарта соттук реформанын демилгесин “Ата-Журттан” КСДП менен Ата Мекен тартып алып, өздөрү жүргүзүшпөдү беле. Акыркы жылдарга чейин Атамбаев менен Текебаев эриш-аркак иштеп келишпедиби. Ажырашкандарына эки жыл боло элек. Эми аларга башкалар күнөлүү болуп жатат. 2010-жылы да конституциялык реформаны атамекенчилер көзөмөлдөшкөн, анда неге элге убада кылган парламенттик системаны орнотушкан жок? Конституцияда мурдагы Акаев, Бакиев учурундагыдай эле күчтүү президенттик бийликти калтырышты. Эгер ошондо парламенттик өлкөлөр сыяктуу президентти парламент шайлай турган бир эле норманы киргизишсе Атамбаев эч качан мындай ажыдаар боло албайт эле. Толук парламенттин көзөмөлүндө болот болчу. Мынчалык камоолор, соттук адилетсиздик, мынчалык коррупция өнүкпөйт болчу. Ошондо колунда турган ишти жасашкан жок.
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө өздөрү 15-20 жыл айтып келаткан идеяларын ишке ашырууга чоң шанс пайда болгон эле. Ошол шансты да жеке кызыкчылыктардан өйдө көтөрүлө албай жасашкан жок. Эми 8 жыл бийликте туруп, булардын бүгүнкү абалга башка бирөөлөрдү күнөөлөөгө, дагы бийликке умтулууга моралдык укуктары барбы?
Булак: Жаңы ОРДО