www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишти билген сапарын арбытат

Таламайга калган бир тармак бар, элди наалыткан. А бирок, бул тармак ишин бир саат токтотуп койсо өлкөдө балээнин баары башталат. Ошондуктан Ички иштер министрлигинин жетекчилери да жол кыймылынын коопсуздугуна маани берип, ал тармакка тажрыйбалуу кадрды алып келүүгө далалат кылган. Ошол тилектерин жүзөгө ырааттуу ашыруу үчүн жең түрүнө ишке киришкен полковниктин жараткан алгачкы саамалыктары дурус экенин баамдадык.

Артынан ар кандай кеп илешкен жол башкармалыгын кыска эле мөөнөттө зымыратып жолго салып таштоо мүмкүн эместигин көкүрөгү менен туйган Канат Жумагазиев кадамдарын өзгөчө багыт аркылуу баштады. Оболу жамаат ичинде түшүндүрүү иштерин колго алып, ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жогорулатууга, айдоочуларга жасаган мамилени түп-тамырынан өзгөртүүгө, форманы ирээттүү кийип жүрүүгө, сылык-сыпаа мамиле жасоого калыптандырууну көңүлгө түйдү. Жол коопсуздугунун кызматкери элдин көзүндө болгондуктан ар бир кыймыл-аракет байкоого алынып турарын баса белгиледи. Ыксыз эле текшере берүүнүн үзүрү болбостугуна, андан көрө айдоочулардын аң-сезимин өстүрүүгө, ишеним жаратууга болгон далалат алгачкы жемишин бере баштады десек болот. Албетте, анча-мынча кызуулукка алдырып жиберген кызматкерлердин да бар экендиги табигый көрүнүш. Айтор, ийкемдүү ыкмаларды колдонуп, жол белгилерин, светофорлорду зарылчылык чыккан жерлерге ыкчам орнотууга, видео-көзөмөлдү коюуну тездетүүгө аракет көрүлүүдө. Кызматка өтө жоопкер көз карашта болгон полковниктин  көздөгөн чектери ийгиликтүү болоруна биз да ишенип турабыз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости