www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бегиш аке, 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайталы деген саясатчылар деле бар. Бирок, азыр Конституцияны өзгөртүүнү каалап жаткандар неге ошол Конституцияны негиз кылып алгандан коркуп жатышат?

--Булар ким? Акаев бузган Конституция менен бир эле алтын эмес, 70 жыл Союздун убагында курулган завод, фабрикаларды, колхоз-совхоздорду талап кеткендер. Ошол талагандар кайра депутат болушту. Ошентип Акаевдин жасаган ишинин жыйынтыгы бүгүнкү күнгө алып келди. Бузулган Конституциянын негизинде азыркылар болуп жатат. Конституцияны ордуна коюп, бүт баарын кайра жаңылаш керек. Кыргыз эли өзүнүн укугунун негизинде шайлоо өткөзөм деп талап кылуусу зарыл.

--93-жылы Конституция кабыл алгында Текебаев депутат болгон. 2010-жылы Конституцияны жазуу толугу менен ошонун колуна тийди. Ошол кезде эле баштапкы абалга кайтканга мүмкүнчүлүгү бар болчу да?

--Токтойтур үка, 93-жылдагы Конституцияны Акаев, Текебаевдер жоюп жатат. Булар Жогорку Кеңеш 35–70 депутаттан турат дешкен. Алардын долбоору боюнча 35 депутат мыйзам чыгаруу жыйынында, 70 депутат эл өкүлдөр жыйынында болуп, эки палаталуу парламентти каалашкан. Биз бир мандаттуу округдан шайланган, 105 депутаттан турган, бир палаталуу Жогорку Кеңеш болсо дегенбиз. Текебаев бул жагына, тигил жагына жүгүрүп жүрө берет. 49 беренени өзгөртүп, мыйзамдуу Конституцияны “оомийин” кылгандар Акаев менен Текебаевдер. Бир гана Акаев же Текебаев эмес, Конституцияны өлтүргөн 157 адамдын баары өлгөнү өлгөндөй, тириги тирүүдөй жооп бериш керек.

--Конституцияны өзгөртпөш керек деп ызы-чуу түшүп жаткан Текебаев деле биринчи кабыл алынган Конституцияны “өлтүрүп”, мамлекетке чыккынчылык салымын кошкон турбайбы?

--Салымын кошкон. Конституцияны бузуу өлкөдөгү эң оор кылмыш делип эсептелинет. Конституциялык кеңешмеге мүчө болгон 157 адамдын баарысы тең эң оор жаза алышы шарт болчу. Болбосо азыр бир жарым млн. кыргыз башка жакта кантип тентип жүрсө, булар дагы бала-чакасы менен ошондой тентиши керек. Же болбосо чоңдордун баарын келтектеп, кандай кылмыш кылганын элге көрсөтсө жакшы болмок. 93-жылдагы Конституцияга кайтсак, 95-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки бардык президенттер, депутаттардын баардыгы, бүткүл Өкмөт мыйзамсыз болуп, жокко чыгат. Алардын менчиктештирилген мүлктөрү кайра башынан каралат. Ушуну мыйзамды сыйлоо деп айтат, үка. Мыйзамды сыйлабагандар өз өлкөсүнө эң оор кылмыш кылган адамдар. Эми бул азыр да улантылып жатат.

Маектешкен Наралы Асанбаев, 2016-жыл, октябрь

Булак: NazarNews.kg

Последние новости