www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чүй ордо” коомунун төрагасы Нурдин Айтбаев «NazarNews» маалымат агенттигине кайрылып, социалдык тармактарда талкууга түшүп жаткан Райымбек Матраимов боюнча пикирин билдирип, төмөнкүлөргө токтолду. 

--Мен ал кишини бир жолу да көргөн эмесмин. Бирок берген жардамдарын, муктаждарга кол сунганын көрүп, жүрөгүмдө аны мыкты адам деп сездим. Ал мыкты сапаттарга бай инсан болгон үчүн мекенчил, элин ойлогон патриот деп ачык айта аламын. Райымбек Матраимов боорукер болгондуктан жардам сурагандардан эч качан аянбайт. Ким эмне маселе менен кайрылса да чечип берүүгө аракет кылганын далилдеп айта аламын. Биз «Чүй ордо» коому “Исмаил ата” атындагы кайрымдуулук фондунун президенти Райымбек Матраимовго Аламүдүн районундагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам сурап кайрылдык. Кайрылуубуз түшөрү менен эки күндүн ичинде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 16 айылга жардам катары жалпы 500 кап ун, 1 500 литр өсүмдүк майы берилди, жардам алган элдин атынан Матраимовго терең ыраазычылык билдиремин. Ушул боюнча токтоп калбай бүгүнкү күндө Сокулук, Ысык-Ата райондорунун муктаж болгондордун 16 айылына жардам келе жаткандыгы айтылды.

Так маалыматтарга таянсам ал бир нече жолу өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан оорулууларга да каражат берип, өмүрүн узартууга салым кошкон адам экен. Ошондой жакшылыкты көп жасаган жоомарт адам болсо да, коомчулукта аны каралоо күч алды. Ким эмне дебесин, калыбынан жазбай кыргыз элине жардамын берип келе жатат. Азыр Райымбек Матраимовду сындай турган жана өлүмдөн саясат кыла турган учур эмес.  Ага карабай аны каралоо менен алек болгондор соцтармакта жайнайт, бирок мен аны сындап, караламак турсун элине берген жардамдарын угуп кубанам жана чын жүрөктөн колдоймун. 

--Социалдык тармакта Матраимовду ар кандай сын-пикирге алышып жатпайбы, ага кандай ойдосуз?

--Райымбек Матраимовдой март адам кимге, качан болбосун жардам бергенге даяр адам Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө өтө эле аз.  Мындай адамдарды кодулап, каралабай, колубуздан келсе сыйлап алышыбыз керек. Матраимовчолук жардамдын тырмактайын да кылбай, дивандан өйдө тургандан да эригип, бирок ыгы келсе да, келбесе да сындап, бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар күйгүзөт. Алар кыйын болсо, бирөөнү сындап, башканы чымчылабай эле мамлекетке тырмактын учундай болсо да колдоо көрсөтүшсүнчү! Өздөрү жардам бере албайт, жардам берген кишини көрө албай майда барат сөздөрдү сүйлөп олтурушат.  Матраимовдор жок нерсеге жардам берип жаткан жок. Түшүнсөк дүйнө жүзү алапайын таппай аткан вирусту алдын алууга, аны менен күрөшүүгө салым кошуп, элде ачкачылыкты болтурбоого жан үрөп жатышат. Райымбек Матраимовдун мамлекетке 7 дубанга көрсөтүп жаткан жардамын эстегенде элдин уулусуң, азаматсың деп эле айтам! Мен Чүйдүн уулумун, мына ушул жакшылыктары үчүн Райымбек Матраимовду колдоймун жана бул киши үчүн баарына даярмын. 

--Азыркы кырдаалга ким күнөөлүү деп ойлойсуз?

--Азыр элдин мындай абалга кептелгенине бийликти да күнөөлөштүн кажети жок. Анткени, өзүбүз ысырапкорчулукка жол бердик, нанды тебелеп-тепседик. Ал турсун чочколорго чейин бердик. Адамзатынын ушундай иштери үчүн Кудай жазалап, үч уктасак түшүбүзгө кирбеген абалга кептелдик. Эми Кудайдын каарына калбай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, сен түштүк, сен түндүк деп бөлүнүп-жарылбай жашашыбыз керек. Ошондо гана баарын жеңип, татыктуу жашоого жетебиз. 

--Бишкек шаарына канча жардам берилиптир, кабарыңыз барбы? 

--Менин угушума караганда мындан сырткары Матраимов Бишкек шаарынын тургундарына 2 550 кап ун, 450сү комендатурага, 1 300 кап ун, тактап айтканда Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи Май райондорунун жашоочуларына жардам беришкен.

Ага кошумча Матраимов Бишкек шаары боюнча жаӊы конуштарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колунан жардамын аяшкан эмес.

Мына, азамат элдин уулу, башка сөз жок. Кыргызда Райымбек Матраимовдой эр-азаматтар көбөйө берсин. Канча сокку, ур-тепкиге алынса дагы мезгил таразасынан тең салмакта өтүп, арстан мүнөз эркек экен, алтын башы аман болсун. Дагы да кайталап айтамын, мен Чүйдүн уулумун, түндүк-түштүк деп бөлүнбөй колунан келген жардамын аябаган бир сырдуу, сабыры ааламды багындырган, коомчулуктун алкышына татыган Райымбек Матраимовго ыраазычылыгымды билдиремин, мен мындан ары Райым мырза тараптамын, - деди «Чүй ордо» коомунун төрагасы Нурдин мырза.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости