www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу президент!
Кымбаттуу Премьер-министр!

Орусиянын жараны Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп алган. Мунун өзү эле ат көтөргүс кылмыш! Неге кош жарандыгын жашыргандыгы үчүн мандатынан ажыратып, жазага тартса болбойт? Боршайком кайда?
Анысы аз келгенсип, дайыма жол куруучу тендерлерди утуп, 60 млнго бүтчү жерди, 153 млн го баалап, башкалар да негедир катышпай эле, ушул депутаттын “Технотоп” аттуу компаниясы ута берет экен. Бишкек мэриясы мындай болбойт деп, тендерди токтотсо, сотко берип коркутууга киришкен.

Бир эле тендерден 100 миллион сом жеген бул деги ким? Элибиз кара нанга жетпей олтурса, минтип мамлекеттин чөнтөгүн курутуп жаткандарды жоопко тартпайлыбы? Бир нече далил мисал - ушул эле компания Донецк көчөсүнүн 1,8 км 124,0 млн сомго, Токтогул көчөсүн 143,0 млнго, Чуй проспектин Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин эле 250,0 млн сомго курган. Неге Коррупцияга каршы кызматы ушуларды текшербейт? А силер болсо сырттан миллиондогон карыздарды алып жатасыңар? Аларды ким төлөйт? Андан көрө, ушуларды жазалап, мамлекеттин каражатын үнөмдөп, өз элибизге жардам этсек болбойт беле?

Мурдагы уурулар го ачыкталып жатат, а бүгүнкү күндө уурдап жаткандарды кантебиз? Же муну да журналисттер иликтеп-жиликтеп, чайнап, даярдап, андан кийин оозуңарга салып беришибиз керекпи? Же айткандын оозу жаман, көргөндүн көзү жаман деп, жаңы мыйзамга такап, кайра журналисттерди жазага тартасыңарбы?

На изображении может находиться: 1 человек, сидит

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости