www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акылбек Жапаров ишенимди актабай, элди алдаса Атамбаевдин жанына камалат», - деди бүгүн, 14-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдразаков.

- Бейшенбек мырза, жаңы өкмөт ишке киришти. Буюрса президент да ишеним көрсөттү, депутаттар да колдоду. Жаңы өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу же баягылар эле келдиби?

- Мурунку өкмөт башчы жаш, тажрыйбасы жок экени аз келгенсип, эл аралык деңгээлде аброю да жок эле. Ага салыштырмалуу Акылбек Жапаров экономикалык, финансылык маселелерди чемичкедей чаккан, салыкты, инвестицияны жакшы түшүнгөн эл аралык деңгээлде да тажрыйбасы көп инсан. Ушул жагын эске алганда туура эле алмаштырды.

Өкмөт башы болуш үчүн бер жагы 40 жыл ар кайсы мамлекеттик кызматта иштеген, тажрыйбасы мол, баардык проблемаларды билген инсан болушу керек. Бирок, тазалыгына да маани берилиши керек. Жогорку Кеңеш шайлангандан кийин жаңы жылда өкмөттүн курамы дагы өзгөрүп, таза профессионал адистер ишке тартылат деп ойлойм.

- Эмнегедир коомчулукта Акылбек Жапаров президентти алдап кетет деген кооптуу пикирлер арбын айтыла баштады го?

- Эгер Акылбек Жапаров президентти алдап кетсе, Атамбаевдин жанына түрмөгө олтурат. Аны Акылбек Жапаров жакшы билет. Азыр анда эки эле жол бар. Бири жакшы иштеп элдин алкышын алып, тарыхта калат. Экинчиси алдаса, айтканын аткарбаса Атамбаевдин жанына камалат.

- Президенттин Акылбек Жапаровдон эки эсе мурун ойлоно алабы? Аны тез ойлонот деп жатышат го?

- Бардыгы ынтымакта иштеп, элдин кызыкчылыгы үчүн чечимдерди чогуу макулдашып кабыл алышы керек. Мамлекеттик маселеде эки анжы болбошу керек. Мамлекеттүүлүк, элдин кызыкчылыгы биринчи туруш керек.

Мен Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдон кеч ойлонот деп ойлобойм.  Мамлекеттеги оор акыбал тез ойлонуп, мурдагыдан эки эсе тез иштегенге мажбур кылат. Жакырчылык, жумушсуздук, миграция, бюджетте каржы жок, карыздар, COVID-19, азык-түлүк проблемасы, кургакчылык, Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан электр энергиясы жетпейт.

Башка маселебиз аз келгенсип Талибан Сириядан жаныбызга Ооганстанга келди. Толтура проблема жаралыд. Анын баарын чечиш керек. Эл талап кылат, дагы 5 жыл күтпөйт, тез өзгөрүнү эл, өнүгүүнү каалайт. Эл баарынан тажады. Эми өнүктүрөбүз дегендерге кичине ишеним артып турушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости