www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Булар кандай өкмөт болоорун өздөрү эле эки айда көрсөтүп коюшат», - деди бүгүн, 14-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.

- Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өз ишин баштады. Жаңы өкмөттүн курамы сизди канааттандырдыбы?

- Жаңы өкмөттүн курамы менин эле эмес, көпчүлкүктүн купулуна толгон жок. Себеби, бир жылдын ичинде үч өкмөт алмашты. Ошон үчүн бул өкмөт канчалык деңгээлде туруктуу өкмөт боло алаары белгисиз. Бул биринчиси.

Экинчиси - министрлер кабинетинин башчысы мамлекетти өнүктүрүү программасын ачык-айкын көрсөтө алган жок. Ошондуктан, бул өкмөт Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө, экономикасына, коопсуздугуна стабилдүүлүгүнө, шайлоонун таза өтүшүнө таасир тийгизе алаары 2 айда эле билинип калат. Булар кандай өкмөт болоорун өздөрү эле эки айда көрсөтүп коюшат.

- Эмне үчүн өкмөттүн курамы шек санатып, купулуңузга толбой турат? Арасында коомго коркунуч келтирген адамдар барбы?

- Өкмөттүн мүчөсү болгон адамдардын айрымдары мамлекетке төлөй турган салыктан качып, коррупцияга аралашып, ал турсун кусканга чейин барып, анан өкмөттү башкарып жатканы чыны менен ишенбөөчүлүктү пайда кылат.

Балким, теориялык жагынан алганда, алдыга жылуу болсо, болоттур. Бирок энергетикалык, экономикалык кризисти жана жер-жердеги адамдык фактор жагынан башкаруу кризистерин эске алганда, анын баары жакынкы аралыкта чоң жетишкендикке алып келиши арсар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости