www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Партиялардын жуурканына оронуп шайлоо бараткандардын бир тобу беттерине көө сүйкөп, өз чөлкөмүндө аброюнан ажырагандар», - деди бүгүн, 14-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Партиялык тизме менен кичи мекенинде колдоо таба албаган саясатчылар шайлоого аттанып жатабы же тескерисинче колдоочусу көп саясатчылар аттандыбы?

- Албетте өз күчүнө, аброюна, негизи капчыгына терең ишенгендер партияларга көз каранды болбой, «жекеме-жекеге» чыгышканы менен аларды да тобокелчилик күтүп тургандай. Анткени, бир эле округда кыйынмын дегендердин үчөө-төртөө кылычтарын кынынан сууруганга камданып жатышат. 

Ал эми партиялардын жуурканына оронуп баратышкандардын бир тобу кечээ беттерине көө сүйкөп алгандар. Демек, өзүнүн чөлкөмүндө аброюнан ажырагандар. Албетте, тыңыраагы, ортозаары дегеле эчтемкеге жарабаганы да бар. Айла канча, бул шайлоо кыргызча шайлоо... Азырынча бул шайлоодо «оозу кыйшык болсо да байдын баласы гана сүйлөп туру»...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости