Тайырбек Сарпашев кайрадан камакка алынды
Коом  |   |  3129

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камакка алынды. Бул маалыматты «Сводка.АКИpress» агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда, тастыктады.

Белгилүү болгондой, Сарпашев камакка тергөөнүн аягына чейин УКМКнын абагына алынды.

Ал ушул жылдын 18-июнунда Кумтөргө байланыштуу кармалган. Кийинчерээк эч жакка кетпөө талабы менен камактан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями