www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн атайын кызматка кайрылды. “Али Токтакунов МедиаХабынын” журналисти Мээрим Айныкеева 14-октябрда УКМКга адвокаты менен чогуу барып арыз жазганын анын кесиптештери кабарлайт.
Бул маселе 13-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Наталья Никитенко УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кабарчы кызга зомбулук көрсөткөн адам өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырганын, бул иш сөзсүз иликтениши керектигин айткан. Ташиев - УКМК кызматкери “эч качан андай ишке барбай турганын” айтып: “Журналистке айтып коюңуз, мага кайрылсын, эртең эле иликтеп чыгам”, - деп жооп берген.
Али Токтакунов 12-октябрда “Фейсбуктагы” баракчасына жазгандай, кабарчы кыз белгисиз бирөөнүн зомбулугуна Бишкектеги кафелердин биринде туш болгон. Өзүн “УКМКда иштейм” деп тааныштырган адам - аны сүрөткө тартып алганда кыздын колунан телефонун жулуп алууга аракет кылган.
Булак: NazarNews.kg