www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия бийлиги мурда кирүүгө тыюу салынган 300 миң мигрантка кайтып келүүгө уруксат берди. Алар Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары экенин РФтин Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов өзүнүн YouTube-каналында айтты. 

"Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын бийлиги Өзбекстандын 150 миң, Тажикстандын 150 миң жаранына миграциялык мунапыс берди", — деди Коженов. Ошол эле учурда ал кайсы беренелер боюнча мыйзам бузган мигранттарга кечирим берилгенин так айткан жок.

Шаршемби күнү Өзбекстандын Орусиядагы элчилигинин баракчасына мыйзам бузган 158 миң жаранга өлкөгө кайтып келүүгө уруксат берилгендиги тууралуу маалымат чыккан. Анда Орусиянын аймагынан соттун чечими аркылуу чыгарылган өзбекстандыктар бул тизмеге илинбегени айтылган.

Миграция иштери боюнча юрист Насим Абдуллаевдин "360" телеканалына билдиргенине караганда, мындай кадамга барууга жумушчу күчтүн тартыштыгы себеп болууда. Курулуш жана айыл чарба тармактарында иш токтоп калды. Ошондой эле, ал бизнестин иши жүрбөй жаткандыктан, мигранттарды кайтарып келүү үчүн болгон аракеттер жумшалып жатканын кошумчалады.

"Кызыгы, 10 жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган мигранттарга жаңы жеңилдик берилди. 10 жыл — мамлекет тарабынан берилген өтө оор жаза", — деди Абдуллаев. Буга чейин мигранттарга Орусияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралып жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости