www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков менен Дастан Жумабековго козголгон кылмыш иши жана өзгөрөт деген Конституция боюнча пикир алыштык.

-Бейшенбек мырза, коомчулукта конституциялык реформа болсо, супер президенттик башкаруу болуп, жыйынтыгы бийлик алмашуу менен бүтүшү мүмкүн деген пикирлер басымдуу боло баштады. Чукул конституциялык реформа эмнеге алып келиши мүмкүн?

-Баары бир баш мыйзам жаңыча улуттук баалуулуктарды, менталитетти эске алып кайра жазылышы керек эле. Анын үстүнө парламенттик же президенттик башкарууну тандап алышыбыз керек. Себеби, бизде баш аламан башкаруу болуп калган. Жоопкерчиликти эч кимиси албайт. Тагыраагы, 10 жылдан бери эч ким, эч качан, эч нерсеге жооп бербейт деген баш мыйзам менен жашадык.  Ошонун баарын эске алып, ар бири жоопкерчиликти мойнуна ала турган, кыргыздын менталитетине туура келе турган улуттук Баш мыйзам кабыл алышыбыз зарыл. Тагыраагы, конституциялык реформа сөзсүз керек!

-Айтканыңызга ынаналы. Бирок, депутат Каныбек Иманалиев “депутаттардын конституцияны өзгөрткөнгө моралдык дагы, юридикалык дагы укугу жок” деди го?

-Маралдык укугу жок, бирок юридикалык укугу бар. Анткени, конституцияда жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйынына чейин укугу бар деп жазылып турат. Анын үстүнө жаңы келген парламент кандай баш мыйзам кабыл алат, эч ким билбейт, кандай депутаттар келээри да белгисиз. Тагыраагы, батышчылдар, орусчулдар же исламчылар келээри белгисиз. Аларга салыштырмалуу азыркы депутаттар элден уялып, жок дегенде болуп өткөн окуялардан кийин эстерине келип, улуттук багыттагы баш мыйзам кабыл алып берет деген ишенимдемин.

-Дастан Жумабековго добуштарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иши мурунку бийликтин кадырларын кодулоо эмеспи? Жокко чыккан шайлоонун эсебинен   кылмыш ишин козгоп аша чабышкан жокпу?

-Жалгыз эле Дастан Жумабековго эмес, баардык добуш сатып алган партияларга, алардын агитаторлоруна, ар бир айылдагы 4-5 партиядан акча алган шайлоочуларга иш козгоп, кийинки шайлоого чейин кээбирин камап, коркутуп коюш керек. Антпесек эмки шайлоодо деле элдер добушун сатышат. Добуш сатып алып көнгөн партиялар добуш сатып алышат. Ошон үчүн баарына сабак боло тургандай кылып, добуш саткан жана сатып алгандарды 7 облустан тең камаш   керек. Ошондой эле элди коркуткан караларга да иш козгоп, ар бир райондун, айылдын “смотрящийлерин” камаш керек. Антпесе, шайлоодогу мыйзам бузуунун баары кайталанат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости