www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы борбордогу баш аламандыкта жаракат алган жигитке акысыз паспорт берет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Руслан Кыдыралиевдин видео кайрылуусу тараган. Видео кайрылууда ал 5-октябрда борбордогу баш аламандыкта бутунан жаракат алганын жана паспортун жоготконун айткан.

Руслан азыр №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Бутуна операция жасалгандыгына байланыштуу өз алдынча баса албайт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин тапшырмасы менен мобилдик топ жабырлануучуга тез арада документ жасоо үчүн барган. Алынган жаракатты эске алуу менен чыгуу акысыз жүргүзүлдү, документтердин чыгымдарын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын кызматкери төлөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости