www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков менен Сариевдин күтүүсүз кадамы боюнча баарлаштык.

-Бейшенбек мырза, неге Сариев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан да орун алалбай койду. Кыраакы саясатчынын позициясынын тез өзгөртүшүнө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

-Менимче, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” бийликке каршы кескин сын айтат, Сариев бийликке каршы сүйлөй албайт. Анткени, катуу сүйлөсө эле ячейкадагы жана жол куруудагы акчалар боюнча иш козголот. Ошол себептен биригүүгө далалат жасаган партиялардан качып, жыйынтыгында шайлоого катышпай турган болуп калды окшойт. Мүмкүн бийлик менен ич ара сүйлөшүп кызмат соодалашып алгандыр. Ошон үчүн да шайлоого катышпай эле коёюн деген чечимге келгендир. А балким, 30 жылдан бери бийликте жүргөндөрдү өткөрбөйбүз деген сөздөрдүн таасирине арбалып, шайлоого чыгым болгусу келбегендир.

-Кандай болгон күндө да Мадумаров мененби же “Бүтүн Кыргызстандагылар” мененби келише албай койду. Келишпестик эмнеден чыгышы мүмкүн?

-Менимче эки нерседен келише албай койду. Биринчиси тизмедеги ордунан маселе жаралышы мүмкүн. Экинчиси каражаттын суммасынан келишпестик чыгышы мүмкүн.

-Жогорку Кеӊештин келерки чакырылышы элдин үмүтүн актайбы? «Жаӊыбыз» дегендер айткан сөзүндө турабы же эскилердин эле чоорун тартабы?

-Элдин үмүтүн актай турган Жогорку Кеңешти тандоо элдин өзүнүн колунда. Кандай депутаттарды шайлашса, ошондой жашоо болот. Кудайдан суранарыбыз эл акылмандык, эрдик кылып, тазалануу, жаныланууну колго алып, люстрация жасаса экен!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости