www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга аттанган 17 партиянын документтерин текшере баштады. 4-сентябрга чейин талапкерлерге байланыштуу маалыматтар иликтенет.

Жогорку Кеңешке ат салышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен 17си документтерин өз убагында тапшырды.. Алардын бири – “Актив” партиясы беш миллион сомдук шайлоо төлөй электигин 24-августта БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирген.

Партиялар 24-августта кечки саат алтыга чейин тизме жана документтер тапшырып, жарышка расмий уруксат алууга тийиш болчу.

4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат. Шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Алгач парламентке ат салышууга 44 партия ниетин билдирген.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттар партиялык система менен беш жылда бир шайланат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости