www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл сайын US News & World Report басылмасы дүйнөдөгү эң мыкты мамлекеттердин рейтингин жарыялап турат. Азербайжан, Орусия жана Казакстандан айырмаланып, Кыргызстан дагы бир жолу бул тизмеге киргизилген жок. Алардын маалыматы боюнча, 2020-жылы Швейцария эң мыкты өлкө болду, ал эми Канада, Япония, Германия жана Австралия мыкты 5 өлкөнүн катарына киришти. Рейтиндеги өлкөлөр төмөнкү критериялар менен бааланды: Ишкердикти өнүктүрүү; Туристтер арасында популярдуулугу, Өз жарандарына карата мамиле , Маданий таасир, Өнүгүү потенциалы, Тарыхый мурас, Аскердик күч, Жашоо сапаты. Эскерте кетсек, быйыл Азербайжан рейтингде 70-орундан 61-орунга көтөрүлүп, Казакстанды 66-орунду ашып өттү. Рейтингде Орусия 23-орунду ээледи. Бардык көрсөткүчтөр менен бирге Орусиядагы бизнес үчүн ачыктык пайызы эң төмөн болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости