www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдырасаковду кепке тартып, премьер-министр отставкага кете турган болсо, жаңы премьер-министрди тандоодо эмнесине басым коюлушу керектиги  тууралуу ой бөлүштүк.

--Бейшенбек мырза, Мухамбедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт туура эки жыл мурун, 2018-жылдын 20-апрелинде ишин баштаган. Эки жылда эмнени өзгөрдү, ишин улантышы керекпи же отставкага кетиши керекпи?

--Эки жыл эмес 10 жылдан бери эч нерсе өзгөргөн жок. 30 жылда 30 өкмөт алмашты, эки ыңкылап болуп, 9 жолу баш мыйзам алмашты. Жыйынтык жок. 100 жылдан кийин кайра келсек келген бийлик, кеткен бийликти каматып жаткан болот. Кыргызстанда система ушундай түзүлүп калды. Бийликте турганда каалаганын кылат, эл эч нерсе кыла албайт, чындыкты айткандарды камайт. Мына ушундай заман болду. Өкмөттүн түзүмүн Жумагулов иштеп тургандагы кадрларга салыштырсак, азыркы өкмөт “дом пионеров” болуп калат! Аида Исмаилова вице-премьер министр, Эркин Асрандиев да вице болду.  Ушундай да болобу? Чынында булар ээлеп турган кызматтарга  15-20 мамлекеттик кызматта иштеген, областарда иштеп, тажрыйба топтогон, ар кайсы министрлик, ведомстволордо дасыккан адистер келиши керек эле. Саясий соода, тааныш, билиш, жердештик  менен жооптуу кызматтарга келбеш керек! Бийликке келип элди башкарбаш керек. Тагыраагы, элге кызмат кылыш керек! Биздикилер устукан бөлүшкөндөн башканы билбейт, өз киши болуш керек деп жандалбасташат.

--Саясий чөйрөдө премьер-министр алмашат экен деген имиштер көп болууда. Эгер чындап эле премьер-министр алмаша турган болсо, эмнесине басым коюшубуз керек?

--Эгер чындап премьер-министр алмаша турган болсо, албетте, адистигине, көп жылдык тажрыйбасына! Басым коюшубуз керек.

--Азырынча премьер-министр болгусу келгендердин жана болот деп аты аталгандардын катарын Акылбек Жапаров, Эркин Асрандиев, Азиз Суракматовдор толуктаары  айтылууда. Ушулардын ичинен кимиси татыктуу деп ойлойсуз?

--Акылбек  Жапаров экономика, салык, бюджет маселесин жакшы билет. Дасыккан адис, бирок сынчысы көп болот, саясатка аралаштырып жиберишет. Эркин Асрандиевдин премьер-министрлик кызматты аркалаганга  тажрыйбасы, адистиги, стажы жетишпейт. Суракматов жаңы эле мэр болуп тажрыйба топтоп жатат. Жогоруда айткандай өкмөт башчы болуш үчүн 15-20 жылдык стаж керек. Тааныш экен, тил алчаак экен деп эле коё бербеш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости