www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков менен айрым жагдайлар боюнча баарлаштык.

-Адистердин айтканына таянсак, абал мындан да оорлошу мүмкүн экен. Кырдаалды кантип жөнгө салсак болот?

-Абал чынында эле өтө оор. Убакыттын өтүшү менен мындан да оорлошот. Чынында элдин ушундай абалга туш болушуна бийликтин да күнөөсү бар. Чет элден келгендерди 14 күн обсервацияда кармабай үйлөрүнө таркатып жиберди. Алар элдин баарына илдетти жайды. Ошондой эле карантин убагында оорукана салган жок, дары-дармек алган жок. ИВЛ аппаратын, кычкылтек концентратын сатып алып, камданышкан жок. Бир сөз менен айтканда, алдын-ала чара көргөн жок. Кыскасы, бийлик көзөмөлгө ала албай, кырдаалды колдон чыгарып жиберди. Эми илдетти жайылтпаганга күчү жетпей калды. 

Эл массалык түрдө илдетке кабылганда, ооруканада орун жок, дарылаганга аппарат жетишсиз, материалдык техникалык базанын жоктугунан өлүм, житим көп болуп кетти. 2 ай карантин убагында 7 облуска, 40 районго, ар бир айыл өкмөткө күндүзгү стационарларды уюштуруп койсо болмок. Эми да кеч эмес, эл өзү ар бир айылда ачып жатат. Жок дегенде ошолорго жардам берип, медиктерге колдоо көрсөтүп, 5тен ИВЛ аппаратын жана 5тен кычкылтек концентратын алып берип, дары-дармектерден жардам бериш керек. Эл да аралыкты сактап, бет кап, кол кап кийип, медициналык талаптарды аткарышы керек. Россиядан коронавирустун дарысы чыкса, Кантдагы авиабазасынын арендасынын эсебинен жетишерлик дары алып келип, элди сактап калыш керек.

-Бул абалды апаат деп кабыл алсак болобу?

-Бул дүйнөлүк апаат болду. Көп мамлекеттер ушундай абалга кептелди. Жеңгени жеңди. Жеңбегени күрөшүп жатат, илдет жайылып кетти. Бийлик келген акчаны эффективдүү колдоно албаганынан айлабызды таба албаган абалга кептелдик. Март айында карантин жарыялаганда эле мамлекеттик чиновниктердин бир айлыктарын элге жардамга  котортуп, медиктер менен милицияны калтырып, башкасын узак мөөнөткө эс алууга таркатканда бир канча акча үнөмдөлүп, көп адам аман калмак.

-Дарыгерлер да, өлүмгө арачы түшкөн ыктыярчылар да каза болуп калган учурлар көбөйдү. Алардын убалы кимге?

-Элди дарылаган дарыгерлер биринчи күндөрү коргонуучу кийимдери жок болгондуктан, бет кап, халат менен эле дарылап киришкен. Ошонун кесепетинен көбү илдет жугузуп алышты. Азыр деле абал жакшырып, медиктер коргонуучу кийимдер менен толук камсыздалганын Кудай билет. Баарынан кызыгы, апааттан акча жасагысы келгендер азыр да пайда таап жатат. Тагыраагы, 10 сомдук бет капты 25 сомго, 100 сомдук дем алгычты 300 сомго, миң сомдук жеке коргонуучу кийимди 6 миң сомго алып, элдин өлүмүнөн акча жасашыптыр. 

-Эмнеге тез жардам унааларын ашыкча кымбат баада сатып алынды?

-Биздин чиновниктерде элден өөнөп калуу деген жугуштуу оору бар. Булар кызмат ордун сатып алышат. Ошол акчасын ушинтип чыгарып алышат. Азырынча  жаап жашырып жатат, бардыгы ачыкка чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости