www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга зарыл жабдууларды алуу менен кышка даярдоо иштерин күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Адистер эпидемиянын экинчи толкуну күз айларында башталарын божомолдоодо. Ошондуктан медициналык мекемелер бардык кырдаалга даяр туруш керек. Ал үчүн ооруканалардагы абанын алмашуусун жөнгө сала турган жабдууларды орнотуу зарыл», - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр медицина кызматкерлерине илдеттин жугуу себептерин аныктоо тапшырмасын берди.

«Медицина кызматкерлеринин арасында кызматтык милдетин аткарып жатып, илдетти жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан биз алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Аларга коронавирус инфекциясынын жугуу себептерин дыкат аныктап, анын негизинде маселелерди жоюунун үстүндө иштөөнү күчөтүү керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

«Илдетти сасык тумоо катары кабыл алып, өз алдынча үй шартында дарыланып жаткандар бар. Ошондуктан ооруп жаткандарды аныктоо үчүн Бишкек шаарынын жана аймактардын жетекчилери медицина кызматкерлери менен үймө-үй кыдыруу иштерин күчөтүүгө тийиш», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости