www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Канаданын Теңиз Бөлтүрүккө иш козгогондугу Кыргызстанга иш козгогондугу», - деди бүгүн, 22-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек агай, Канаданын Кумтөр кенин сырттан башкаруучу болуп бекиген Теңиз Бөлтүрүккө кылмыш ишин козгогону сүйлөшөлү, ыкка келели деген аракетпи же сырды саттың деп жазалоо үчүн жасашкан кадамыбы?

- Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз аларга кылмыш ишин козгодук, алар бизге иш козгойт. Жогорку соттун чечими чыккандан кийин, тийешелүү документтерди эл аралык юридикалык талаптарга жооп бере тургандай кылып, эл аралык сотко беребиз. Алар да берет. Сот башталганга чейин сүйлөшүлөр, болот.

Чечилбесе сот проссеси жүрүп жатканда болот. Сөзгө келишип эки жак тынчтык келишимге кол койсо ымалага келишебиз. Эгер тил табыша албасак, биздин шартка көнбөсө, эл аралык соттордо абройу бар юридикалык, экологиялык мекемелер менен иштешибиз керек.

Сотто утуп чыга тургандар менен. Бөлтүрүковго иш козгогондугу Кыргызстанга иш козгогону. Эгер жакшы эл аралык дээңгелдеги юристтерди жалдап, соттон утуп чыксак кылымдык жеңиш болот Кудай буюрса.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости