www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эстрада жылдызы Бек Борбиев учурдагы кырдаал тууралуу оюн фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын пикиринде бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес. 
"Бул жашоодо эч ким-эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес! Ачуу чындык, дүйнөнүн жазылбаган мыйзамы ушундай. Керек болсо мамлекет дагы белгилүү маселелерде гана жардам көрсөтө алат, менеджер катары, баарыбызга акчасы да жетпейт. Бул илдет күчтүү өлкөлөрдүн дагы айласын кетирип турат, биздин эле эмес. Ушул убакта элге өз чөнтөгүнөн акча чыгаргандарга алкоо сөз айтып,  рахмат деп тургандын ордуна, бул уурдаган акчасын кайра бизге берди, а эмнеге тигил бай бербейт, берсин деп чанжыраганыбыз туура эмес. Адам жараткандын жана энесинин алдында гана милдеттүү, эгер ал башка дагы бирөөгө жардам берип жатса демек ал анын ыйманынан, чын жүрөгүнөн деп билелик. Бүт дүйнө элинин башына түшкөнүн бизда көрөбүз, башка арга жок, адамдык сапаттан кетпей, сабырдуу карманалы!"-дейт ырчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости