www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-апрель күнү АКШнын вице-президенти Майк Пенс америкалыктарды оор күндөр күтүп турганын айтып, өлкөнүн жарандарына Кайрылуу жасады. Бул тууралуу strana.ua жазып чыкты.
Анын айтымында: "Америкалыкды оор күндөр күтүп турат, бирок, биздин келечегибиз - биздин колубузда! АКШ бийлиги COVID-19 коронавирусунун пандемиясына каршы чараларды учурунда көрүп, миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап кала алды",- деген.
Белгилей кетсек, АКШда акыркы үч күн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсе көбөйүп, жалпы саны 4 800 кишиге жакындады. Илдетти жугузуп алгандар 212 миң адамдан ашты. Кошмо Штаттардагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши каза тапты.
Өлкө президенти Дональд Трамп жакынкы эки апта оор болушу мүмкүн экенин эскертти. «Мен ар бир америкалык алдыдагы оор күндөргө даяр болушун каалайм. Алдыда бизди эң кыйын эки апта күтүп турат», - деди Трамп.
Булак: NazarNews.kg