www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартта Москва шаарындагы төрөтканалардын биринде жаңы төрөлгөн ымыркай кыздан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер кыздын апасынан тест алган учурда андан дагы коронавирус аныкталган. Ымыркай кызды убактылуу башка оорукананын өзүнчө бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык экени, апасы экөө дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө.

Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда 2 миң 777 адам коронавирус жуктуруп алган жана 24 адам бул оорудан каза болгон. Ошондой эле 215 514 адам байкоодо жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости